Баткен облусунан умрага баргандардан коронавирус табылган жок

13:09, 19 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Сауд Арабиясына барган жарандардан коронавирус табылган жок. Бул тууралуу өкмөттүн облусттагы өкүлчүлүгү билдирди.

Алардын маалыматында, карантинге алынган 8 кишинин анализи таза чыкты.

«Бул сегиз жаран Сузак районундагы коронавирус оорусу табылган уч жаран менен чогуу бир авиакаттамда Кыргызстанга келишкен болчу», — дейт өкүлчүлүк.

Белгилей кетсек, 12-мартта умрадан келген Сузак районунун үч тургунунан коронавирус аныкталды.