11:06, 19 марта 2020, Бишкек - 24.kg
«Республика-Ата-Журт» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов дарыгерлер менен пенсионерлерди колдоо ирээтинде 5 миллион сом которот. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына маалымдады.
Анын айтымында, 5 миллион сомдун 3 миллиону дарыгерлерге, 2 миллиону 2 миң пенсионерлерге миң сомдон дары-дармектери үчүн берилет.
«Биз баардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек. Короновируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек. Бүгүн, элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жаранадык милдетим деп эсептейм. Аныдктан биз 5 миллион сом бөлүүнү чечтик. Биз сөзсүз бул абалга туруштук берип, мурдагыдан дагы күчтүү чыгабыз», — деп билдирген Өмүрбек Бабанов.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда Сауд Арабиядан коронавирус аныкталган 3 бейтап менен бирге бир учакта учуп келген 144 адам карантинге жаткарылды.