21:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткенде Сауд Арабиядан келген 8 адам карантинге алынды

Баткенде Сауд Арабиядан келген 8 адам карантинге алынды, алардын абалы жакшы. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, вирус аныкталган жарандар менен байланышта болгондор такталып, Баткен облусунан 8 адам аныкталды. Алар Сауд Арабия мамлекетинен бир авиакаттамда, Кыргызстанга учуп келишкени маалым болду.

Учурда Баткен районунан 7 адам, Кадамжай районунан 1 адам ооруканада карантинде. Алардан коронавирус оорусуна анализдер алынды. 8 жарандын тең учурда абалдары жакшы, коронавирус оорусунун белгилери жок.

Эң көп окулган жаңылыктар