00:29
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Коронавирус менен күрөш дагы 2 жылга созулушу мүмкүн

«COVID-2019 коронавирусу толкун сымал жайылып, дүйнө жүзү дагы 2 жыл күрөшөт», — деп билдирди Германиядагы Роберт Кох институтунун президенти Лотар Вилер пресс-жыйында. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вирустун мөөнөтү качан гана ага каршы вакцина иштелип чыкканча токтобойт.

«Пандемия толкун сымал жайылат. Бул жылдап созулушу мүмкүн. Биз 2 жыл деп жоромолдоп жатабыз», — деп билдирди Лотар Вилер.

Ал эми, бул вирус адамга жукканда аны көтөрүүчү иммунитеттин жогору болушу өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Эске сала кетсек, вирус күч алып жаткан өлкөлөр боюнча Германия «1 а» категориясына кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар