Алматыда жумушчулардын 70 пайызына үйдө отуруп иштөөгө сунушталды

10:21, 18 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагынтаев калаада карантин жарыялангандыгына байланыштуу мекемелердин 70 пайызын үйдө отуруп иштөөгө чакырды. Бул тууралуу Казакстан маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарлары 19-марттан тартып карантин жарыяланат.

«Бүгүн калаанын мамлекеттик кызматкерлерин, менчик иш-каналардын башчыларын, уюмдар менен мекемелердин жумушчуларын 70 пайызга чейин коронавирустун күчөп жаткандыгына байланыштуу үйдөн иштөө тартибине өтүүгө чакырам», — дейт Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагынтаев.

Эске сала кетсек, Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавирус күч алып, учурда вирусту жуктургандардын саны 35ке жетти.