21:10
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

COVID-2019. Илдет менен күрөшүп жаткан жана карантинге алынган 10 атактуу

Жыл башынан бери дүйнөнү «барымтага» ала баштаган коронавирус саясатчы, атактуу, бай же кедей деп бөлбөй өзүнө баш ийдирүүдө. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында аткаминерлер, элчилер жана президенттер дагы бар.

24.kg агенттиги коронавирус менен күрөшүп жаткан жана карантинге алынган 10 атактууну атады.

1
«Квант милосердия» фильминдеги Жеймс Бонддун сүйүктүүсү атактуу голливуд жылдызы Ольга Куриленкодон коронавирус аныкталды. Ал 1 жумадан бери дарыланып жатат.
Актриса Instagram баракчасына «Дене табымдын көтөрүлүшү жана шайымдын жок болуп жаткандыгы-менин эң негизги симптомдорум», — деп жазып, инста-катталуучуларын сак болууга чакырды.
Фото Ольга Куриленко
 
2
Дүйнөгө аты таанымал актер Том Хэнкс жана анын жубайы Рита Уилсон Австралиядан келгенден кийин ооруп калышкан.
Актер Twitter баракчасына «Биз бир аз өзүбүздү чарчаңкы сезип, суукка урунгандай денебиз оорлошуп калыптыр», — деп жазган. Буга ылайык коронавируска тест тапшырышкан, анализдин жыйынтыгы оң чыкты.
Алар азыр кароого алынып, дарыгерлердин карамагында.
3
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо өзүн-өзү кароо чечимин кабыл алып, үйүндө отуруп иштөөдө. Анын жубайы Софи Британиядан келгенден кийин коронавирустун белгилери сезиле баштаган, анализдин жыйынтыгы боюнча коронавирустун симптомдору аныкталган.
Фото Софи Трюдо
Ал эми премьер-министр Жастин Трюдо бир аз убакыттан кийин өзүн жакшы сезип жатканын жана анда вируска ылайык симптомдор жок экенин маалымдады.
4
Лондондогу «Челси» футбол клубунун коргоочусу Каллум Хадсон-Одои коронавирусту жеңген биринчи атактуу футболист болду. Клубда вирусту алдын алуу карантини уланууда.
5
Бразилия президенттик администрациясынын алдындагы коомдук байланыш катчылыгынын башчысы Фабио Вайнгартенанын коронавируска ылайык тапшырган тесттинин жыйынтыгы вирустун симптомдорун аныктады. Коронавирустун симптомдору ал АКШдан келгенден кийин байкала баштаган.
6
Испаниялык министр Ирене Монтеро коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ирене Монтеро менен бирге анын жолдошу вице-премьер, «Unidas Podemos» партиясынын лидери Пабло Иглесиас учурда карантинде.
Фото Ирене Монтеро
 
7
Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министринин бейтаптардын коопсуздугун кароо боюнча орун басары Надин Доррис бул өлкөдө коронавируска чалдыккандардын эң биринчиси болуп катталды.
«Мен анализдеримдин жыйынтыгына кошулам. Учурда өзүмдү өзүм массалык топтон оолак алып жүрүү үчүн үйдө олтурам жана коопсуздук чараларын сактап жатам», — деп билдирген Надин Доррис.
8
Лондондогу «Арсенал» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Микель Артетадан коронавирус аныкталды. Ал менен байланыш түзгөн жумушчулар жана оюнчулар карантинге алынды.
9
«Юты» баскетболдук клубунун оюнчусу Руди Гобер коронавируска кабылганын жеке баракчасы аркылуу билдирип, күйөрмандарына -бул кырдаалга олуттуу көңүл буруп, сактануу керек экенин билдирип, «Мен алдын ала албай калдым, бирок сиздер өзүңүздөргө кам көрүңүздөр», — деп кечирим суроо менен өтүнгөн.
10
Италиялык «Ювентуса» футбол клубунун коргоочусу футболист Даниэль Руганиден коронавирус аныкталды. Даниэль Ругани менен бирге 121 адам карантинге алынды, алардын ичинде оюнчулар, машыктыруучулар жана клубдун кызматкерлери да бар.
Фото Даниэль Ругани

Эң көп окулган жаңылыктар