16:53, 17 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Алып баруучу Урмат Асанбеков өзүн кудай жарыялаган Арстан Алайды сотко берди. Маалыматты ал 24.kg агенттигине ырастады.
Урмат Асанбеков Арстан Алайга каршы доо арыз менен Ленин райондук сотуна кайрылган.
«Арстан Алай 3-мартта коронавирусту Кытай ал жөнөткөнүн айткан. Анын бул билдирүүсүн эч ким четке кага элек. 15-марттан тарта Кыргызстандын аймагында коронавирустун кирип келүү коркунучунан улам азык-түлүк кымбаттап, бир катар иш-чаралар жылдырылды. Анын жыйынтыгында мага алып баруучу катары зыян тийди, туулган күнүм да ойдогудай өтпөй, кыжаалат болуудамын», — дейт Урмат Асанбеков.
Ал коронавирусту дүйнөгө жайылткан Арстан Алайдан анын чыгымдарын төлөп берүүсүн талап кылат. Алып баруучу 50 миң сом сурап жатат.