05:04
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-2019. Иммунитетти бекемдөөчү 5 ыкма

COVID-2019 вирусуна чалдыккандардын басымдуу бөлүгү жаштар жана карылар экендигин айтышат. Кытай илимпоздору 745 баланы иликтеп көрүп, алардын көпчүлүгү бул илдетти жуктуруп алганына карабай, билинбей ооруганын аныкташкан. Окмуштуулар балдардын иммунитети илдетке каршы турууга күч берерин белгилешет.

Андыктан эгер иммунитет алсыз болсо эч кандай беткап жана башка чаралар жардам бере албайт.

Иммунитетти көтөрүүчү эң негизги 5 ыкманы сунуштайбыз.

1
Туура тамактануу

Күн сайын жеп жүргөн тамактын тизмесин калориясы кучтүү тамак-аштарга жана жашылчаларга толуктаңыз. Эгер жашылча, жер-жемиштерден кандайдыр бир маселеңиз болсо анда витамин ичиңиз. Эт тамактарын азайтып, анын ордун жашылчалар менен толуктаңыз.

2
Стресстен арылуу

Медицинанын изилдөөлөрү боюнча мээ менен дене тыгыз байланышта. Табиттин жоктугу, ар кандай оорулардын пайда болушу, ашказандын бузулушу жада калса жүрөк оору да стресстик жабыркоодон келип чыгат. Ал эми ден-соолуктун начарлыгы-иммунитеттин алсыздыгы. Стресс учурунда организмде үч гормон иштейт: адреналин; норадреналин; кортизол.

Бул гормондордун дайыма иштеши организмге чоң зыян алып келет: бөйрөктүн бөлүп чыгаруусун жайлатат, иммунитетти түшүрөт, ашказандагы язва оорусун пайда кылат. Андыктан стресстен арылыңыз.

3
Спорт менен алектенүү

Ден-соолуккка кам көрүүнүн дагы бир жолу бул спорт менен алектенүү. Физикалык көнүгүүлөр адамды жеңил жана сергек алып жүрүүсүнө себеп болот. Иммунитетти көтөрүп, тамакка болгон табитти ачат. Кан айлануусун жөнгө салат.

4
Чылым чегүү жана спирт ичимдигинен алыс болуңуз.

Тамеки менен алкоголь адам баласынын организмин өлтүрүүчүлөрдөн болуп биринчи орунда турат. Алар борбордук нерв системасына таасирин тийгизет, кийин боорду анан өпкөнү талкалайт. Көп колдонуу көнүмүш адатка айланып, тамакка болгон табитти жоготот.

5
Өздүк гигиенаны туура сактоо

Бир гана коронавирус учурунда эмес, баардык убакта өзүңүздүн денеңизге таза кам көрүңүз. Адамдын териси баардык организмдерди аны курчап турган айлана-чөйрөдөн коргоп турат. Ошондуктан колуңузду бат-баттан жууп, тазалоочу атайын каражаттарды колдонуунуз абзел.

Эң көп окулган жаңылыктар