18:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Манас» эл-аралык аэропорту айрым аба каттамдарын жабат

«Манас» аэропорту коронавируска карата айрым авиакомпаниялардын рейстеринен баш тартты. Бул тууралуу эл-аралык «Манас» аэропортунун пресс-кызматы маалымдады.

«Манас» аэропортундагы баш тартылган рейстер төмөнкүлөр:

1. «Түштүк кытай авиакаттамы!» (China Southern Airlines)
Каттамдар Урумчи — Бишкек —Урумчи маршруту аркылуу жүрөт. Бул каттам 2-февралдан тартып толук түрдө токтотулган.

2. «Флай Дубай» (Fly Dubai)
Бул каттам Дубай — Бишкек — Дубай маршруту аркылуу жүрөт.
17-18- 19-21- 23- 26-марттагы жүргүнчүлөрдүн каттамы токтотулду.

3. «Эйр Арабия» (Air Arabia)
Шарджа — Бишкек — Шарджа маршруту аркылуу өтүүчү каттамы 10-марттан 15-апрелге чейин токтотулду.

4. «Эйр Астана» (Air Astana)
Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан каттамы март жана апрель ичи жабык болот.
Алматы — Бишкек — Алматы маршруту 18 марттан тарта жабылат.

5. «Өзбекстан авиакаттамы» (Uzbekistan Airways)
Ташкент — Бишкек — Ташкент маршруттук каттамы ишемби күндөрү боюнча 16-марттан 28-мартка чейин жана 6-апрелден 27-апрелге чейин токтойт. Шаршемби кундөрү 1-апрелден 22-апрелге чейин.

6. «Азимут»
Ростов-на-Дону — Бишкек — Ростов-на-Дону каттамы 11-марттан 25-мартка чейин токтотулган.

7. «Ураль авиакаттамы» (Ural Airlines)
Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург каттамы 11-18 −25-марттагы рейстер токтотулду.

8. «Авиа траффик компани» (Avia traffic)
Бишкек — Дели — Бишкек аба каттамы 15-19-26-мартта жана апрель ичи токтотулду.

—Бишкек — Стамбул — Бишкек маршруттук каттамы 19-22-26-30-март кундөрү жана 2-3-5-6-9-10-12-13-16-17-апрель кундөрү токтотулду.
—Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек маршруттук каттамы 21- 28 март күндөрү жана 4-11-15-18-апрель күндөрү токтотулду.

9. «Вареш Эйрлайнс» (Varesh Airlines)
Тегеран — Душанбе — Бишкек — Тегеран каттамы 25-февралдан тартып токтотулган, кайсы мөөнөткө чейин тактала элек.

10. «Ош» аэропорту
«Ош» эл-аралык аэропортунда 10-марттан 1-апрелге чейин Эль-Кувейт — Ош — Эль-Кувейт жана Jazeera Airways авиакомпаниясынын каттамдары убактылуу токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар