09:42, 17 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги дарыканалардын көпчүлүгүндө беткап жок. Бул тууралуу окурман 24.kg агенттигине маалымдады.
«Кечээ кечинде жана бүгүн эртең менен аптекларга барып эксперимент катары бет каптарды сурап көрдүм, биринен дагы бет кап таба албадым. Жада калса фармацевттер өкмөттүн беткап маселеси тууралуу сөз бергендигинен кабарлары жок экен», — дейт окурман.
24.kg агенттигинин журналисттери бул маалыматты тактоо ирээтинде 20 дарыканага байланышка чыкты. Бир дагы аптекада беткап жок. «Бизде бир гана марлиден жасалган маскалар калды, баасы 20 сом. Өндүрүүчүлөр кимдер биз кабардар эмеспиз», — дейт фармацевт.