Түркмөнстанда коронавируска каршы адырашман ысырыгын колдонуу сунушталды

16:01, 16 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов коронавируска каршы ысырыкты же адырашман чөбүн колдонууну сунуштады. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты.

Өкмөттүн жыйынында президент ата-бабалар жугуштуу ооруларга каршы улуттук ыкмаларды миңдеген жылдар бою колдонуп келишкенин эске салган.

«Жергиликтүү түшүнүктөргө караганда адырашмандын түтүнү оорулардан сактайт. Ал эми ата-бабалардын акылмандуулугун эске алуу керек», — дейт Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Маалым болгондой, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн вице-премьери П. Агамырадов менен Саламаттыкты сактоо министри Н. Аманнепесовго калк арасында тушүндүрүү жана алдын алуу аракеттерин көрүүнү тапшырган. Адырашман өсүмдүгү адамдын организмине түрдүү вирустардын кирип кетишин алдын алат.