Ырчы Максат Садырбеков кыздуу болду

12:17, 16 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Эстрада ырчы Максат Садырбеков кырк жылкылуу болду. Бул тууралуу ырчы мырза Instagram баракчасында билдирди.

Маалыматка ылайык, ырчы мырзанын жубайы Айсулуу Молдалиева Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде 15-марттан 16-мартка караган түнү саат 00:45 чамасында көз жарган.

Жубайлардын билдирүүсүндө «Сүйүнчү! Жарык дүйнөгө кош келдиң кызым», — деп жазылган.

Эске сала кетсек, Максат Садырбеков менен жубайы Айсулуу Молдалиева 2019-жылдын 6-июнунда баш кошушкан.