Өкмөт буудай сатып алууга 220 миллион сом бөлдү

12:03, 16 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Буудай сатып алуу үчүн өкмөт 220 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин финансы жана бюджет комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымдады.
 
Анын айтымында, Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы азык-түлүктүн көлөмү боюнча ачык айтууга мыйзам жол бербейт.
«Мамлекеттик материалдык резервдик фондунда азык-түлүк жеткиликтүү, анын ичинде ун дагы. Мыйзам азык-түлүктүн көлөмүн ачык айтууга тыюу салат. Ун сатып алуу үчүн 220 миллион сом бөлүндү», — дейт Эркин Асрандиев.
Эске сала кетсек, өлкөдө чек аралардын жабылгандыгына байланыштуу ун жеткиликсиз деп элди дүрбөлөңгө салган жалган маалыматтар тараган.