11:15
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Коронавирус. Бир күндө жалган маалымат таратуу боюнча 15 факт катталды

Кыргызстанда бир күндүн ичинде коронавируска байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан 15 факт катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалган маалыматтарды тараткандардын бири Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы жашоочусу аныкталды.  Ал өзүнүн Instagram баракчасына «Кыргызстанга коронавирус келип, бирок ызы-чуу болбош үчүн элге айтылбай жатат» деп жарыялаган.

Учурда ИИМдин кызматкерлери бул аялдын өздүгүн тактап, керектүү чараларды көрүүдө. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Коронавирус боюнча расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу гана таратылат. Жалган маалыматтарга күбө болсоңуз ички иштер органдарына «102» кыска номуру аркылуу тактап, маалымдасаңыз болот.

Эске сала кетсек, буга чейин өлкөдө жалган маалыматтардын айынан базарларда азык-түлүктүн баалары кымбаттап, ун талашып урушкан фактылар да катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума