Коронавирус.Урмат Барыктабасов пансионатын оорукана катары колдонууну сунуштады

09:32, 16 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Ишкер Урмат Барыктабасов Балыкча шаарындагы пансионатын коронавирустан жабыркагандарга оорукана катары колдонууга сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.

Ишкер премьер-министрге кайрылып, 45 оорулуу адамды пансионаттында кабыл алууга даярдыгын белгилейт.

«Эгер ооруган адамдарга жатакана керек болсо, Балыкчыдагы мейманкананы пайдаланууга бергенге даярмын. Баардык шарттары бар. Мамлекет оор кырдалда турганда жардамымды аябаймын», — дейт ал.

Белгилей кетсек, футболчу Криштиану Роналду өзүнүн отелдерин Португалиянын бийлигине оорукана катары өткөрүп берди.