Коронавирус. Кыргызстан Иран менен аба байланышты токтотту

11:56, 13 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Иран менен авиакаттамдарын токтотту. Бул Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Тегеран-Дүйшөмбү-Бишкек-Тегеран каттамына убактылуу чектөө киргизилди.

Иран коронавируска чалдыккандар жана андан набыт болгондордун саны жагынан Кытай менен Италиядан кийинки орунда турат.

Расмий Тегерандын маалыматы боюнча, Иранда оору 10 миңден ашуун кишиге жукту, илдеттен 429 адам көз жумду.

Бүгүнкү күнгө коронавирус 116 өлкөгө жайылып, Кытайдан сырткары 47,3 миң адамга жукту. Жалпы дүйнө боюнча 128 миң 343 адамга коронавирус менен ооруса, 4 миң 720 адам набыт болду.