21:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Коронавирус. Жогорку Кеңештин эки депутаты үй карантинине алынды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева менен депутат Абдыбек Дүйшалиев үйүндө карантинде болушат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине вице-спикер өзү билдирди.

Депутаттар Германияда иш сапарда болушкан. Кайтып келгенден кийин коронавируска анализ тапшырып, экөө тең үйдө дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

«Аэропортто бизди дыкат текшерди. Алгач учактын ичинде, анан аэропорттун имаратында. Биз оору жайылган өлкөдөн келгендиктен анализ алышты. Үйдөн иштеп турам. Биз менен Жогорку Кеңештин аппарат кызматкери бар болчу, ал дагы карантинде болот», — деди ал.

Бүгүнкү күнгө коронавирус 116 өлкөгө жайылып, Кытайдан сырткары 47,3 миң адамга жукту. Жалпы дүйнө боюнча 128 миң 343 адамга коронавирус менен ооруса, 4 миң 720 адам набыт болду.

Эң көп окулган жаңылыктар