15:25, 12 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргыз өкмөтү коронавирус коркунучуна байланыштуу маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Чечимге ылайык жеке жактарга жана соода, тейлөө жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө менчиктин түрүнө карабастан массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан кармана туруу сунушталат.
«Коомдук жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды», — деп белгиленген.
Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү, калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты.