14:09, 12 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Ош шаарынын аймагына коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Келген жарандардын бардыгы алгоритимдин негизинде тепловизордон өткөрүлүп, температурасы болгондор, ден соолугуна даттангандар катталган жок.
Ош облусунда жана Ош шаарында жашаган Кытайдан жана башкавируска байланыштуу кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирген мамлекеттерден келген жарандардын абалын көзөмөлгө алуу максатында жалпы — 449 койкалар (обсерватор) жана изоляторлор даярдалган. (Ош шаарында 232 кошумча койкалар, изоляторлор даярдалды).