12:38, 12 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Балдары ВИЧ менен ооруган айрым ата-энелер дарылоодон жана текшерүүдөн баш тартышат. Бул боюнча 24.kg агенттигине СПИД менен күрөшүү жана алдын-алуу Ош облустук борборунун башкы дарыгери Эльмира Нарматова билдирди.
Анын айтымында, айрым ата-энелер балдарынын дартын аныктоого кескин каршы.
«Бир аял бар, ал баласын текшерүүгө дагы каршы. Бул баланын жашоо жана саламаттыгын чындоо укугун чектейт. Баланын ден-соолугу үчүн ата-эне жооптуу», — дейт ал.
Буга чейин Жогорку Кеңеште балдарын дарылоодон баш тарткан ата-энелерди жазалоо маселеси бир нече жолу сунушталып, колдоо тапкан эмес.