Өзгөндөгү көмүр казуучу жайдан Украинанын жараны каза болду

14:44, 11 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Өзгөн районундагы көмүр кени чыгуучу жайдан 41 жаштагы Украина жараны каза болуп, дагы бир чет элдик жаран жаракат алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине райондук ИИБдин пресс-катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн районундагы Беш-Терек жайлоосундагы көмүр кенин казуучу жайдан, айылдагы Салам-Алик башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө окуя тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Алгач алар шахтанын устунун уратууну көздөшкөн, тилекке каршы шахтанын алдында калып, 1979-жылы туулган М.Е. аттуу жаран көз жумган, ал эми 1976-жылы туулган Б.И. аттуу жаран бутун сындырып жаракат алган», — дейт ИИБдин пресс-катчысы Жеңиш Ашырбаев.

2019-жылдын сентябрь айында ЖЧК «Сай-Аска» тарабынан геологиялык чалгындоого Украинадан 21 адис чакырылган.

Учурда факт боюнча экспертизалык изилдөө жана тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми жабырлануучу Өзгөн райондук бейтапканада дарыланууда.