12:35, 11 марта 2020
Credobank жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат! DCB Market жаңы өнүмүнүн аркасында товарларды сатып алуу оңой жана ыңгайлуу болуп калды.
DCB Market — бул ар бир каалоочу смартфондорду, планшеттерди, гаджеттерди, ири жана майда техниканы, активдүү эс алуу үчүн товарларды жана башкаларды оңой таба ала турган, көп товарлардын ассортименти бар онлайн аянтча. Товарлардын ассортименти тынымсыз көбөйөт. Банктын кардарлары үчүн өнүмдүн башкы артыкчылыгы — бул өзүнүн акча каражаттары жетишсиз болгондо саналуу мүнөттөрдө бөлүп төлөөгө, же кредитке керектүү товарды сатып алууга өтүнмөнү кароо.
3 айдан 12 айга чейин кредитти же бөлүп төлөөнү жол-жоболоштуруу мөөнөтүн өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгү.
Алынуучу кирешеге жараша кредиттик линияны ачуу, бул бир нече товарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Өтүнмөнү алдын ала жактыруу жана банк бөлүмүнө бир жолу гана баруу. Бардык андан аркы товарларды кредитке же бөлүп төлөөгө сатып алууларды түздөн-түз дүкөндүн өзүнө кайрылуу менен ишке ашырууга болот.
Кеңири өнөктөштүк тармак ар кандай сатуучулардын сунуштарын салыштырууну жана пайдалуу соода кылууну шарттайт.
Документтердин минималдуу пакети, болгону өздүгүн күбөлөндүргөн документ (паспорт) жана кирешени тастыктаган документ (3 айдагы эмгек маяна жөнүндө маалымкат же патент) керек.
Мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгү менен кредитти жана бөлүп төлөөнү тындыруунун ыңгайлуу жолдору: 500дөн ашык Dos Credobank, Quickpay, Pay24, Megacom жана O!mobile төлөм терминалдары, О!Деньги, Balance.kg, MegaPay электрондук капчыктары, Элкарт Мобайл мобилдик тиркемеси, Банктын бөлүмдөрү.
Сатуучулар үчүн DCB Marketтеги артыкчылыктар:
DCB Market ишке киргизүүнүн урматына АКЦИЯ өткөрөт: Маркетплейсте каалаган товарды 10 000 сом жана андан жогору суммада сатып алыңыз жана сиздин телефондун балансына 500 сом белекке алыңыз! Акция бардык уюлдук байланыш операторлору үчүн иштейт. Телефондун баласына каражатты которуу күндүз жүргүзүлөт.
*Маркетплейс азырынча Бишкек шаарында гана иштейт.