20:58
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Казакстанда коронавируска шектелген үч миң адам карантинге алынды

Казактанда коронавируска шектелген 3000 адам карантинге алынды. Бул тууралуу 9-мартта өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын баары эпидемиологиялык абал курчуп турган өлкөлөрдөн келгендер. Булардын ичинен 1053 адам Кытайдан, Түштүк Корея жана Ирандан келишкен. 182 киши Италиядан, 2849 адам Германия жана Испаниядан келгендер.

Карантиндеги жарандарды Айкынбаев атындагы лабораториялык борбор текшерип, көзөмөлдөөдө.

Расмий маалыматтарга караганда Казакстанда вирус жуктургандар катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар