Жасалма акча каражатын саткан адам кармалды

09:49, 10 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Жасалма акча каражатын саткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Бишкек шаарынан 15 миң доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 1955-жылы туулган А.М. кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-б., 1-п. (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.