Италияда корановирусту жуктургандардын саны 9 миң 172ге жетти. Бул боюнча окмуштуулар иштеп чыккан онлайн картала айтылат.
Маалыматка караганда, 463 адам набыт болду.
Вирустун андан ары күчөп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланарын билдирди. Анын ичинде өлкө аймагында ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынат.
«Шейшембиден тарта Италия толугу менен карантинге өтөт. Өзүнчө «кызыл аймактар болбойт», — деди Конте журналисттерге.
Өлкөдөгү бардык спорттук мелдештер, анын ичинде футбол чемпионаты 3-апрелге чейин токтотулду.
Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан 4004 адам өлдү. Жуктуруп алгандардын саны 114 миңден ашты.