21:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Экотехинспекциянын Таластагы эки кызматкери пара менен кармалды

Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана инспектору З. у. С. пара алып алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Аткаминерлер жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча каражатын талап кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренси (опузалап пара алуу) боюнча кылымштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар Талас облусттук ИИБ Тергөө камак жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар