Читайте по теме
«Прокуратура эл көзүнө «сот ачык өтсүн» деп айтты. Бирок булар алдын ала сүйлөшүп алган. Судья Жазык процессуалдык кодексинин 281-беренесине шилтеме берип «эки адамдын бири-бири менен жазышканы жабык сотто каралышы керек» деп чечим чыгарды. Бул туура эмес. Мыйзам боюнча алардын жазышканы материалды изилдөө учурунда каралат. Биз ага жете элекпиз да. Башында болгону күбөлөр суралат», — деди Замир Жоошев.
Иш 23-марттан баштап карала баштайт.