13:17, 06 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Окуу жайлар жана мектептер коронавируска карата карантинге алынбайт. Бул тууралуу саламаттыктыкты сактоо министринин орун басары Толо Исаков маалымат жыйында билдирди.
«Коронавируска шектүү өлкөбүздө бир дагы окуя каттала элек. Биз менчик экендигине карабастан баардык жетекчилерге кайрылдык. Коомчулук муну түшүнүү менен кабыл алат деген үмүттөбүз», - дейт ал.
Эске сала кетсек, саламаттыкты сактоо министрлиги мекемелерге, министриликке жана башка уюмдарга массалык иш-чараларды өткөрүүнү токтотуп турууну сунуштаган.