Бишкекте жол кырсыгына кабылган маршруткадан жүргүнчүлөр ыргып кеткен

11:52, 06 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде 5-март күнү №214 маршрутка менен жолтандабас катышкан кырсык катталды. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.

Видеодо жолтандабас кичи автобусту капталдан урганы көрүнөт. Маршрутканын жүргүнчүлөрү жолго ыргып кеткен. Төрт адам жапа чеккен.