Коронавируска байланыштуу Ош жана Бишкекте феминисттер жүрүшү болбойт

11:33, 06 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Коронавируска байланыштуу Ош жана Бишкекте феминисттер жүрүшү болбойт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен коронавирустун коркунучунан улам массалык иш-чараларды 1-июлга чейин өткөрүүгө тыюу салды.

Ош шаарынын мэриясы 8-мартка карата аялдар жана балдардын укугун коргоо боюнча «Новый ритм» кыймылы уюштуруп жаткан жүрүшкө уруксат берген жок.

Маалыматка караганда, түштүк борборунун администрациясы бул чечимин коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штабдын массалык иш-чараларга тыюу салган буйругу менен негиздеген.

8-мартка карата аялдардын укугун коргогон жүрүш акыркы эки жылдан бери өтүүдө. Былтыры андагы айрым ураандар жана ага ЛГБТ өкүлдөрүнүн катышуусу нараазычылык жараткан.