10:08, 06 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директору алмашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Мурдакы директору Темирлан Сманбеков ден-соолугуна байланыштуу Бишкекке которулуп, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрын жетектей турган болду.
Ал эми Нарын театрын Жолдошбек Аманкулов башкарат.