16:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Деон Баденхорст: Бизде «Кумтөр» кенинин ишин улантуу мүмкүнчүлүгү пайда болду

«Кумтөр Голд Компани»
Фото «Кумтөр Голд Компани». «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын президенти Деон Баденхорст

«Кумтөр Голд Компани» тоо—кен тармагындагы Кыргызстандын экономикасына саламы зор жана ири салык төлөөчү компания бойдон келе жатат.

«Кумтөр» кениндеги кырдаал «Центерра» компаниясынын акционерлеринин гана эмес, жергиликтүү калктын жана саясатчылардын дагы көңүл чордонунда.

2019-жылдын декабрь айындагы кырсыкка карабай ишкана өлкө алдындагы милдеттерин толук аткарды.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын президенти Деон Баденхорст 24.kg агенттиги менен 2020-жылга пландары, Ысык-Көл облусунун өнүгүүсү жана экологиясы жана жаңы долбоор боюнча ой бөлүштү.

— «Кумтөр» кенинде 2019-жылы кандай жыйынтык болду?

— Өткөн жыл Кыргызстан үчүн дагы, компания үчүн дагы ийгиликтүү жыл болду. Өлкө биздин төлөмдөрдөн бир топ киреше таба алды. 2019-жылы ишкана 18,7 тонна алтын чыгарды.

Кыргызстанга төлөмдөр, салык жана башка жыйымдар менен 366 миллион долларды түздү.

Компания иштеп баштагандан бери 1994-жылдан 2019-жылга чейин республикага төлөмдөр 4 миллиард 141 миллион долларды түздү. Өндүрүштү өнүктүрүүгө жана колдоого салынган акчалардын көлөмү 2,6 миллиард доллардан ашты.

2019-жылдын август айында «Центерра» менен өкмөт ортосунда түзүлгөн стратегиялык келишим күчүнө кирди. Анда экология, улуттун саламаттыгы, аймактардын социалдык өнүгүүсү жана кендин иштөө мөөнөтү көрсөтүлдү.

Эгерде Кыргызстан ала турган кошумча төлөмдөрдү кошкондо стратегиялык келишим 150 миллион доллар өлчөмүндө. 2019-жылдын 31-декабрына карата биз 74 миллион доллар төлөдүк.

— 2020-жылга өндүрүш тармагында кандай пландар бар? Ага өткөн жылдын декабрь айындагы кырсык таасир береби?

— «Кумтөрдүн» тоодогу жумушу эки ай токтоп калгандан кийин январь айында иш жанданды. Мамлекеттик органдар кендеги иштин 2020-жылга пландарын жактырып, уруксат берди. 

2020-жылы 520-560 миң унций, же 16, 17-17, 42 тонна алтын өндүрөбүз.

Биз бул жыл баардык көрчөткүчтөр боюнча алдыда болоруна ишенебиз. Биз өткөн кырсыктан кийин алдыга жылууга умтулуп, жакшы натыйжа көрсөтүүгө белсенип турабыз. Эмгектин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында олуттуу чаралар көрүлдү. Штаттагы гана эмес, келишим боюнча иштеген кызматкерлердин дагы жашоосу менен саламаттыгына такай көңүл бөлүнөт.

— Өткөн жылы геологиялык чалгындоо иштерине олуттуу каражат жумшалды. Ал эмне болду? Бул жаатта дагы инвестиялоо болобу?

— «Центерра» 2012-2017-жылдан бери чалгындоо иштерине каражат бөлгөн эмес. Ага өкмөт менен келишпестиктер себеп болгон. 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан кийин кенге жакын аймактарда изилдөө иштери улантыла баштады.

2018-жылы компаниянын Директорлор кеңеши эки жылдык чалгындоо программасын бекитип, 24 миллион доллар бөлдү.

Бул жылы 20 миллион доллар каралды. Бул биз үчүн дагы рекорддук сумма.

— Кенде иштетүүчү күйүүчү майдын стандарттын өзгөртүп, аны экологиялык майга алмаштыруу чечими кабыл алыныптыр?

— Ооба, ЕАЭБдин техникалык регламенттине ылайык жоопкерчиликтүү ишкана катары биз жогорку экологиялык класстагы күйүүчү майга өтөбүз. Биздин адистер аны сатып келүү үчүн жаңы тапшырыктарды берип жатышат. Бирок биз миңдеген тонна керектегендиктен ага өтүүгө убакыт талап кылынат. Бирок, биз кыска мөөнөттү баарын ишке ашырууга аракет кылуудабыз.

— 2020-жылы экологияга жаатында долбоорлор күтүлөбү?

 Албетте. «Кумтөр» ири кен катары айлана-чөйрөгө таасир берет. Биз өндүрүштүн терс таасирин азайтуу жана биоайырмачылыкты сактоо учүн бейөкмөт уюмдар, илимий мекемелер менен кызматташууну улантабыз.

 «Кумтор Голд Компани» 2019-жылы 7,5 миллион долларды экология жана аны коргоо боюнча иш-чараларга жумшады.

 — Аймакты өнүктүрүүдө кайсы долбоор алдынкы орунда жана жаңылары күтүлөбү?

— Компания үчүн баардык долбоорлор жана демилгелер өз алдынча болуп, бутка туруп, облус калкы жана жергиликтүү бюджет үчүн кирешелүү тармакка айланышына кызыкдарбыз.

2018-2019-жылдары мындай долбоорлорго 3,854 миллион доллар, же 270 миллион сом жумшадык.

Аймактагы туруктуу долбоорлордон сырткары, «Кумтор Голд Компани» Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна кирешесинин 1 пайызын которуп турат. 2019-жылы 592,5 миллион сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар