Бүгүн — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү

10:03, 05 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 5-март улуттук баш кийим күнү катары режиссер Рысбек Жабировдун демилгеси менен 2011-жылдан бери белгиленет. 

Демилгени көпчүлүк колдоого алып, чет өлкөдөгү мекендештер дагы жакшы саамалыкка кошулушкан.

Расмий түрдө 2017-жылы жарыяланып, Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары бекитилген. 

Бул күнү борбордук аянттарда жана башка коомдук жайларда Ак калпакты даңазалоочу ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келет.

Демилгечилер улуттук кийимдерди унутта калтырбоо үчүн бир күн көңүл бөлүп, көчөгө кийип чыгууга чакырышат.