11:55
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.07

Ош шаарында 1-класстын окуучусу жол кырсыгында набыт болду

Ош шаарында КамАЗ 1-класстын окуучусу сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты 24.kg шаардык ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Алардын маалыматында, бүгүн 13.30да Салиева жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бала жайында көз жумган.

КамАЗ айып жайына коюлуп, айдоочу текшерүүдөн өтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар