15:13, 04 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Өкмөт азык-түлүк баасына жана экспортуна көзөмөл киргизет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев селектордук кеңешмеде билдирди.
Анда коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери талкууланды.
Премьер-министр өлкөнүн рынокторундагы абалды күн сайын изилдөө керектигине тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдурду.
«Айрымдар түзүлгөн жагдайды колдонуп, кайсы бир азык-түлүктөрдүн, башка товарлардын баасын негизсиз көтөрүү менен пайда табууну көздөгөндөр болушу мүмкүн. Буга жол бербөө керек. Айыл чарба продукцияларын ташып чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү зарыл, тигил же бул азыктардын тартыштыгы болбоого тийиш», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.