02:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Москвадагы Жеңиш парадына Кыргызстандан 3 ардагер катышат

Москвадагы Жеңиш парадына Кыргызстандан 3 ардагер катышат. Бул тууралуу Россия федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги Николай Удовиченко маалымдады.

Анын айтымында, Россия тарап Кыргызстандан барган ардагерлердин жол киресин жана аларды жайгаштыруу, Москва шаарында ардагерлерди коштоп жүрүү жоопкерчилигин өз мойнуна алды.

«Ардагерлердин тизмеси азыркы учурда такталып жатат. Алардын абалына жана сөзсүз түрдө ардагерлердин ден-соолуктарына карата жөнөтөбүз. Себеби алардын иш-чарага катышуусуна жана аба каттамында учууга болгон абалдары алардын ден-соолуктарынан аябай көз каранды», — дейт элчилик.

Байкашыбызча, Кыргызстандан барган Жеңиш парадынын катышуучулары конференция жана башка иш-чараларга катышып, жаштар менен жолугушуусу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума