Статистика. Кыргызстанда жумушсуздардын 30 пайызы 28 жашка чейинки жаштар

11:10, 04 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 76 миң 100 адам жумушсуз. Бул боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов Жогорку Кенештин отурумунда маалымдады.

Анын айтымына, жумушсуздардын 30 пайызы (23 миң 100ү)  28 жашка чейинки жаштар.

«Биз, жогорку окуу жайлар менен биргеликте бир айда бир жумушсуздукту жоюу иретинде жарманке өткөрүп турабыз. Кесиптик жарманкеге жумушсуздар жана студенттер чакырылат. Аларга жөн гана жумуштарды сунуштабастан, окууга да үндөйбүз. Бул иш-чара өтүп жаткан окуу жай, кесиптер тууралуу маалымат берип, айрымдарын окутушат. Ал эми замандын талабы боюнча кайсы кесип актуалдуу болуп жаткандыгын эмгек базары аныктап турат» - дейт Камалдин Токтосартов.

Ошондой эле, 2019-жылы 4 миң жаштар арасынан 17 миң 900 адам коомдук иштерге багытталган.