Дүйнөлүк банктын баяндамасында «Барки точик» 2025-жылга карата холдингдин бардык чыгашасын жапкандай деңгээлде тарифти жогорулатышы зарыл экенин айтылган.
Энергохолдингдин карызы 2020-жылы 2,6 миллиард долларды түздү. Тажикстандын тышкы карызы 2,8 миллиард доллар.
Тажик өкмөтүнө грант Дүйнөлүк банктын тариф боюнча шарты аткарылган учурда гана берилет.
Дүйнөлүк банктын баяндамасына ылайык, тажик өкмөтү 2025-жылга чейин электр энергиясынын наркын акырындык менен жогорулатат: 2021-жылы 1 кВт электр энергиясы 15%, 2020-жылдан 2024-жылга чейин 8% кымбаттап турат.
Учурда электр кубатынын бир киловатты 22,66 дирам (2,3 цент) турат. Бирок Дүйнөлүк банк бул тариф электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдарды актабай турганын белгилейт. «Барки точиктин» эсеби боюнча саатына 1 кВт электр энергиясын өндүрүүгө 28 дирам (2,8 цент) керектелет.
Эгер тажик өкмөтү Дүйнөлүк банктын талабын аткарса, 2025-жылга карата 1 кВт электр энергиясынын тарифи 35 дирамды түзөт.