07:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 22 партия ат салышууга даяр

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 22 партия ат салышууга даяр. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ош шаардык кеңешке шайлоого катышууга «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Улуу Журт», КЛДП, «Эмгек», «Бирик», «Бир Бол» катталды.

Караколдо «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», КЛДП, «Улуу Журт», «Замандаш», «Бирик», «Табылга», «Мекен Ынтымагы», «Ак шумкар», «Улуу Кыргызстан», «Республика», «Кыргызстандын жашылдар партиясы» болуп, 14 саясый уюм ат салышат.

Балыкчы калаасындагы жарышта «Табылга», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Улуу Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Ата Журт», «Эмгек», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы» партиялары бар.

Токмокто «Биримдик», «Эл биримдиги», «Эмгек», «Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», КЛДП, «Ооганстан согушунун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы» партиялары күч сынашат.

Майлуу-Суу шаарында болсо «Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Элмурас», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Биримдик», «Кыргызстан» партиялары жарышат.

Партиялар БШКга тизмесин да тапшырды. Беш шаардагы 169 мандатка 3 миң 108 талапкер көрсөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар