18:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Митингди уюштурган Каныбек Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынан чыгарылат

Садыр Жапаровду колдоо митингди уюштурган Каныбек Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынан чыгарылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясый уюмдун лидери Феликс Кулов билдирди.

Анын айтымында, Каныбек Осмоналиев митинг уюштуруп жаткандыгы тууралуу лидерге кабар берген эмес.

«Мындай иштерди акылдашып жасоо керек. Эгер ал бизге айтса эч ким каршы болмок эмес. Бирок, биз анын Садыр Жапаровго зыяны тийбешин талап кылмакпыз. Анткени, ал өзү кайрылып, митингден баш тартууну суранган. Анүстүнө митингди Ала-Тоо аянтында эмес, Максим Горький атындагы скверде өткөрүүгө гана уруксат берилди», — дейт Феликс Кулов.

Партия Каныбек Осмоналиевдин тагдырын жакын арада чекмекчи.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев кечээ кармалып, ага бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар