Садыр Жапаровду колдоо митингинин эки уюштуруучусу кармалды

11:26, 03 марта 2020, Бишкек - 24.kg

2-мартта өткөн митингтин уюштуруучуларынын бири Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев жана Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Аларга бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү айыбы тагылууда. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жакын арада алардын баш коргоо чарасы каралат.

Кечээ митингде 166 киши кармалган. Алардын 162си кайра бошотулган.