Мындан тышкары Түштүк Корея менен болгон авиакаттамдар жумасына тогуздан үчкө чейин азайтылды. 5-марттан тарта Нур-Султан — Токио аба каттамдарын жумасына экиден бирге түшүрүү пландалууда.
Ирандын Саламаттык сактоо миинстрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясын 385 адам жуктуруп алды, илдетке чалдыккандардын жалпы саны — 978. Өлгөндөрдүн саны 54кө жетти.
Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 89 миңден ашты. COVID-19 инфекциясы 3046 кишинин өмүрүн жалмады. Аны жугузуп алган 45 113 адам сакайды. 2019-жылдын декабрында Кытайдан чыккан бул оору 63 өлкөгө тарады.