«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

14:55, 02 марта 2020, Бишкек - 24.kg

«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү, КР жарандары 1993-ж.т. К.Э.М., 1995-ж.т. О.у.Ш, жана чектеш мамлекеттин жараны 1986-ж.т. Ю.Р.О. кармалышты. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Жашаган жерин тинтүүдө диний адабияттар, аудио жана видео аппаратуралары табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 313- (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) жана 315-(Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик тобу, 2003-жылдын 20-августунда КР Жогорку сотунун токтомуна ылайык экстремистик деп табылып, КР аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.