Бишкекте Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги өтүүдө

12:02, 02 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги өтүүдө. 

Акыркы маалыматтарга караганда ага 500дөй адам чогулду. Алар Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровго боштондук талап кылууда. 

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров тарапташтары Ысык-Көл облусунун ар бир районунда митинг өткөрүшкөн. Бишкекке  2 миңдей кишини чогултууну убадалашууда.

Садыр Жапаров өзү каршылык акцияларын өткөрбөө өтүнүчү менен кайрылды.