Бишкекте АКШнын жараны зордуктоо боюнча арыз жазды

11:13, 02 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте АКШнын жараны зордуктоо боюнча арыз жазды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактардан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы кыз 1 мартка караган түнү аны зордуктап кетишкенин маалымдаган.

«Ал кыз Бишкекте англис тилинен сабак берет. Анын айтымында, кафеде спирттик ичимдиктерди ичип олтурган киши кийин аны зордуктоого алган», — деди ал.