«Эйр Манас» компаниясы 1-марттан тарта Бишкек-Ош каттамын токтотот

15:00, 28 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

«Эйр Манас» компаниясы 1-марттан тарта Бишкек-Ош каттамын токтотот. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинен кабарлашты.

Мындай чечим өндүрүштүк муктаждык менен түшүндүрүлгөн. Буга чейин билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы кайра кайтарылып берилет.

«Манас» аэропортунун маалыматына караганда Бишкек- Ош каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү күн сайын «Эйр Манастан» тышкары TezJet, Avia Traffic компаниялары ташыйт.