Жеки Чандын ден-соолугуна кабатырланган күйөрмандары ага бет кап жөнөтүшкөн

09:53, 28 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Белгилүү актер Жеки Чан саламаттыгы жакшы экендигин жана карантинге жатпаганын билдирди.

Актер аны акыбалына тынчсыздангандарга ыраазычылык айтат.

«Менин ден-соолугум жакшы. Эч кандай карантинге жаткан жокмун. Баарыңарга ракмат. Мага дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кандай белектер жөнөтүлдү. Бет каптар үчүн дагы ракмат. Биз аны муктаж болгон адамдарга беребиз», — дейт ал.

Кечээ, бир катар эл аралык ЖМК Жеки Чан коронавируска шектелип, карантинге алынганын жазып чыгышкан.