16:42, 27 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
Өкмөт Италиядан келген 2 кыргыз жараны туш болгон кырдаалды дыкат иликтейт. Бул тууралуу премьер-министрдин аппаратынан билдиришти.
«Алар өздөрү Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына барса, ал жерде дагы дене табын текшерип жөнөтө беришкен», — дейт Жыргалбек Турускулов.
Өкмөттүн маалыматында, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан Италия, Кытай, Түштүк Корея жана Ирандан келгендерди сөзсүз түрдө карантинге алуу чечимин жарыялаган.