Үйлөн. Бишкектиктерди хештег менен белгиленген жарнама таң калтырууда

16:20, 27 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

«#Үйлөн» — деген жазуулар Бишкек шаарынын бир нече көчөлөрүнө илинди. Анын сүрөттөрү социалдык тармакка жарыяланды.

Шаардыктар бул жарыяга таң калып, шакабалап да жатышат.

«Үйлөн дегенди мурда үйдөн эле укчу элек», — деп жазды facebook колдонуучу.

Аталган баннерлердин автору жана максаты азырынча белгисиз.