20:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент Кыргызстандын ЕАЭБтеги жетишкендиктерине канааттанат

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин анын зыянынан пайдасын көп көргөнүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчы ТАСС маалымат агенттигиндеги маегинде билдирди.

Журналист бир катар мамлекеттер ЕАЭБге мүчө болуу маселесин талкуулап жатышканын, Кыргызстан беш жылдан бери бул уюмга мүчө болгон өлкө катары аларга кандай кеңеш бере аларына кызыккан.

«Биздин ЕАЭБге кирүү боюнча чечимибиз туура болгон. Биримдикке мүчө болуу боюнча чечимди кабыл алуу оор жана аны көп тараптуу караш керек. ЕАЭБге тигил же бул мамлекеттин кошулушу биримдиктеги беш мамлекеттин позициясынан да көз каранды. Мен биримдиктеги кемчиликтерди андан алган пайдабыз жаап жатканын ишенимдүү айта алам», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, жакында эле Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандан бара жаткан товарларды киргизбей, текшерүүгө алган Казакстандын сынга алып, өнөктөштөр ЕАЭБтин келишимдерин аткарбай жатканын белгилеген.

Учурда Сооронбай Жээнбеков Москвада иш сапар менен жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар